Жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме пленардык жыйынга чогулду. Анда негизги талкууланган маселе- конституциядагы элдик бийлик, анын макамын аныктоо маселесине арналды.
Буга байланыштуу өлкөдө таза шайлоо өткөрүү, кен байлыктарды иштетүүдө жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерин эске алуу сунуштары берилди. Ошондой эле, мамлекеттик башкаруунун формасы, Жогорку Кеңештин курамы канча депутаттан куралышы керек деген маселер да кызуу талкууга түштү.
Конституциялык кеңешменин кезектеги пленардык жыйынына элдик бийлик темасы чыгарылган. Анын алкагында элдик курултайдын макамы, мамлекеттин башкаруу формасы, Жогорку Кеңештин курамы жана түзүмү тууралуу маселе кызуу талкуу жаратты. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчынын милдетин да президент өзүнө алат.
Буга катар парламенттин түзүмү жана курамы боюнча маселеге чекит коюла элек. Азыр 90 депуттан турган эки палаталуу парламентти түзүү сунушталууда. Жарандардын шайлоодо добуш берүү укуктары да жаңы Баш мыйзамдагы негизги беренелердин бири. Кеңешмеде жарандардын добуш берүү укугу боюнча бир катар сунуш пикирлер айтылды.
Кеңешменин айрым мүчөлөрү жер казынасын пайдалануу жана ага көзөмөл кылуу маселеси боюнча сунуштарын беришти. Маселен, тоо кен байлыктарын иштетүүдө инвесторлорго уруксатты жергиликтүү тургундардын да ой пикирин же чечимин эске алуу менен берүү керек деген сунуштар бар. Андан ары жыйын секцияларда улантылды. Анда жалпы жыйында көтөрүлгөн маселелер кеңири талкууланып, Баш мыйзамдын акыркы вариантына камтылмакчы.