Баткен районунун чек арада жайгашкан Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин имаратынын бири өрттөндү. Бүгүн таңда чыккан өрттөн бактыга жараша жабыркагандар жок. Тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр толугу менен чектөөгө алышты.
Өрттөнгөн мектептин абалын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жеринде көрүп, жергиликтүү бийлик органдарына жана Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.