Жаңылыктар
Новиков Нарын облусунда болду
Кыргызстан жаңылыктары
Новиков Нарын облусунда болду

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусунда иш сапары менен болуп, Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. Аны менен бирге Ат-Башы районундагы асыл тукум мал чарбасынын ишинен кабар алды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайында да болуп, Бажы кызматынын маалыматтык тутумунун ишин көрдү.

Торугарт чек ара өткөрүү жайынын иши менен таанышкан Артем Новиков тармакта жүзөгө ашкан автоматташтырууну көрүп чыкты. Кытай тараптан оор жүк менен келген транспорт каражаттарын чек арадан өткөрүүдө адам факторун азайтуу маселесинде дагы деле аткара турган иштер арбын экенин айтты.

Артем Новиков Бажы кызматына бир жумалык мөөнөттө товарлардын жүрүшүн автоматтык эсепке алуу, жүк декларациясында кол менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү чектелген биридиктүү электрондук маалыматтар базасын уюштуруу боюнча бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу, ошондой эле бул тутумду салмак көлөмдүк көзөмөлгө жана инспекциялык-текшерүү комплексине кошуу тапшырмасын берди. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш сапардын алкагында Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. Учурда имараттын курулушу 92% га аяктап калды. Желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда, ошондой эле имаратты ички жана сырткы жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.

Артем Новиков жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берип, облусту дары-дармек, тест-системалары жана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду. Ошондой эле аймактагы дары каражаттарынын наркына мониторинг жүргүзүүнү буюрду. 

Аны менен бирге Новиков Нарын шаарынын мэри, райондук жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө облусту социалдык-экономикалык жактан өнктүрүүгө, өнөр-жай ишканаларынын ишине, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга, инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө тийиштүү маселелер талкуланды.

Иш сапардын алкагында Артем Новиков Ат-Башы районундагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен да
таанышты. Бул жерде «герофорд» тукумундагы 500дөн ашуун бодо мал кармалат. Фермага барган учурда мал чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары жер ресурстарына байланыштуу маселелер дагы каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде бул чарбага колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди.