Жаңылыктар
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусуна болгон иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусуна болгон иш сапары

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусунда иш сапары менен болуп, Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. 

Аны менен бирге Ат-Башы районундагы асыл тукум мал чарбасынын ишинен кабар алды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайында да болуп, Бажы кызматынын маалыматтык тутумунун ишин көрдү.