Жаңылыктар
Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды
Кыргызстан жаңылыктары
Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

“Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди”, - деп айтылат маалыматта. Ошентип, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарат. “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары 

“Токтогул районунун Торкен айылынын муктаж, аз камсыз болгон жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүүнү көзөмөлгө алууну көздөп жаткандыгын белгилейт”, - деп билдиришти мекемеден. 

Белгиленгендей, Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Т.Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү аларды алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. Ошондой эле мекемеден билдиришкендей, 9-декабрдын саат 16: 00гө карата Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.