Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого көз салуу үчүн эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүүдө. 6-декабрга карата дүйнөнүн жети өлкөсүнөн 6 эл аралык уюмдун өкүлү, же 43 адам байкоочу катары катталды. Алар Ханс Зайдель Фондунан, шайлоо системалары эл аралык фондунан, Молдова, Азербайжан Боршайкомунун мүчөлөрү, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан жана КМШ миссиясынан. Боршайкомдон билдиришкендей бул акыркы тизме эмес.
"2017-жылы өткөн президенттик шайлоого 57 уюмдан 773 эл аралык байкоочу келген. Жогорку Кеңештин шайлоосуна 35 уюмдан 277 киши байкады. Негизи эл аралык байкоочулар Кыргызстанга эл аралык уюмдардан алган милдеттенмелерине ылайык, анын ичинде копингайлык келишим деп аталган иш-чаралардын алкагында болушарын белгилей кетүү керек",- деди БШКнын аппаратынын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Үмүталиев.