Жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме пленардык жыйынга чогулду.
Кеңешменин мүчөлөрү Конституциядагы элдик бийлик менен курултайдын макамын аныктоо, анын ичинен жарандардын шайлоодо добуш берүү укуктары, жер казынасын пайдалануу жана ага көзөмөл кылуу, ошондой эле демократия баалуулуктарынын негизинде талкуу жүргүзүштү.
Маселен, тоо кен байлыктарын иштетүүдө инвесторлорго уруксатты жергиликтүү тургундардын да ой-пикирин же чечимин эске алуу менен берүү керек деген сунуштар түштү. Жарандардын добуш берүү укугу боюнча да бир катар сунуш пикирлер бар. Жалпы жыйында көтөрүлгөн маселелер секция отурумдарында кеңири талкууланып, Баш мыйзамдын акыркы вариантына камтылмакчы.
"Ар бир шайлоочунун добушу корголсун деп жатабыз. Буга чейин кандай болгон, добушту сатып алышкан. Бирөө үчүн бирөө шайлап койгон. Мына ушунун барын жокко чыгарабыз",- деди Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев.