Кыргызстандыктарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.
Айтымында, калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы 30-ноябрдан 5-декабрга чейин созулду. "Юстиция министрлиги көрсөткөн акысыз укуктук жардамды алдын ала маалымат боюнча 4 миңден ашык жаран алды. Быйыл пандемияга байланыштуу юридикалык жардамды онлайн түрдө да алгандар болду. Жардамды эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышты.
Борбор калаада жарандар жалпысынан мурас, мүлк, үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылса, аймактарда болсо жер, социалдык камсыздоо (пенсия, жөлөкпул), документ алууга (паспорт, айдоочулук күбөлүк) байланыштуу укуктук жардам алды", - дейт ал. Калбеков белгилегендей, акысыз укуктук жардам Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга да көрсөтүлдү. "Декаданын жүрүшүндө 100дөн ашык адам адвокат менен камсыздалды", - деди Калбеков.