Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирустан эки адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирустан эки адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 293 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 121 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 30, Баткен облусунда 12 кишиден табылган. Ошол эле учурда 407 адам коронавирустан айыгып чыккан. Соңку бир күндө вурустан 2 адам каза болду. 

Алар Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургуну. Стационарларда 2 миң 520 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 355 бейтап дарыланууда. Ошол эле учурда өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 400 киши айыгып чыкса, 1 миң 297 адам каза болду.