Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте өрт чыгып, бир окуу корпусу толугу менен өрттөнүп кетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-декабрдын таңында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүргүчтөрү өчүрүшкөн. Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө. Маалыматтарга караганда, мектепте 330 окуучу окуйт. 1-5-9-11-класстын окуучулары кадимкидей окуп жатышкан. Өрт балдар мектепке келе элек убакта чыккан.