Жаңылыктар
ИИМ дин маселесин чагылдырууда этият болууга чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ дин маселесин чагылдырууда этият болууга чакырат

Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырат. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы убактарда айрым маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда дин жөнүндө, диндин коомдогу орду жөнүндө материалдар жарыяланууда.

Анда өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылган. Анын ичинен Конституциядан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук интернет мейкиндигинде ар кандай пикирлерин айтууда.Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. 

Ички иштер министрлиги жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден аталган маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырат.