Жаңылыктар
Вакцинациялоо боюнча "Спутник V"вакцинасын баштоо сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Вакцинациялоо боюнча "Спутник V"вакцинасын баштоо сунушталды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинациялоо боюнча "Спутник V"вакцинасын баштоону сунуштады. 

Ага ылайык бүгүн эмдөө Москва шаарында башталса, келерки жумада башка аймактарда жүргүзүлөт. Вакцинация биринчилерден болуп дарыгерлерге, мугалимдер жана социалдык кызматкерлерге жүргүзүлөт. Алгачкы беш саатта эмдөөгө жазылгандардын саны 5 минден ашты. 

Ошондой эле вакцинаны Москванын баардык 18 жаштан 60 жашка чейинки мамлекеттик кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине дагы жеткиликтүү. Ал эми вакцинаны кош бойлуулар жана өнөкөт оорулары барлар ала албастыгы айтылган.