Жаңылыктар
Артем Новиков 7-9-декабрда Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков 7-9-декабрда Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 7-9-декабрда Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат. 

Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтө турган Өкмөттүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат. Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.