Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты.
Ал Кыргыз Республикасында бокстун өнүгүшүнө жана калыптанышына эбегейсиз салым кошкон. 2009-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген.
2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген.
Ал "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдарга ээ.