Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. Новиков коронавирус инфекциясына байланыштуу республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аймактардагы жаңы медициналык мекемелердин курулушун тез арада аяктоо керектигин эскертти.
Новиков жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берип, облусту дары-дармек, тест-системалары жана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду.