Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди.
Новиков «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун, бажы кызматынын маалыматтык тутумунун иши менен таанышты. Анын айтымында, транспорттук каражаттарды фиксациялоо, эсепке алуу, анын ичинде танспорттук каражатты чек арадан өткөрүү аракеттери, номерлерин сканерлөө, бажы документтерин тариздөөдөдөн баштап, адамдык факторду четтетүү масксатында аларды маалымат базасына киргизүү боюнча айрым сын-пикирлер бар. Көзөмөл-өткөрүү пунктун барып көрүүдө Премьер-министрдин м.а. тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Новиков бир жумалык мөөнөттө өлкө ичинде санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарлардын жүрүү тобокелдигин четке кагуу максатында товарларды жүктөө, дезинфекциялоо, ташуу, электрондук коштомо документтерди тариздөө, өткөрүү пунктунун чегинде товарларды бажылык тазалоо багытында кошумча мүмкүнчүлктөр боюнча бирдиктүү алгоритмди аныктоону тапшырды.