Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, райондук жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Новиков белгилегендей, облуста дары-дармектердин баасын мониторингдөө жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда аймакка медикаменттердин кошумча партиясы жеткирилет.
Кеңешменин жүрүшүндө облусту социалдык-экономикалык жактан өнктүрүүгө, өнөр-жай ишканаларынын ишине, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга, инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө тийиштүү маселелер талкуланды.