Жаңылыктар
Бишкекте тоноого шектүү 2 жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте тоноого шектүү 2 жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү эки жаранды колго түшүрдү. Маалыматка ылайык, 4-декабрда болжол менен түнкү саат 03:53 чамасында шаардык милициянын "102" кызматына 11-кичи районунан тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында белгисиз эки жаран күч колдонуп, акчасын тоноп кеткени айтылган. 

Кылмышка шектүү катары 2000-жылы жана 2001-жылы туулган эки жаран кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп бериген. Аталан факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин "Тоноо" берененин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.