Жаңылыктар
Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

Медицина илимдеринин доктору, бегилүү хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ал ушул жылдын февраль айында дүйнөдөгү эң көп жылдан бери иштеп жаткан хирург катары катталды. Медицина тармагында ал 68 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. 93 жашка келсе да, күн сайын экиден үчтөн операция жасап үзүрлүү ишин улантууда. Дарыгер бул аралыкта 30 миңден ашык адамга операция жасаган.