Жаңылыктар
"МАНАС" Эпосу улуттук дөөлөт
Кыргызстан жаңылыктары
"МАНАС" Эпосу улуттук дөөлөт

Таластагы “Манас Ордо” комплексинде манас айтуу уланууда. Саамалык “Манас" күнүнө карата уюштурулуп, бүгүн түшкө таяп башталды. Улуу баянды манасчылар кезектешип айтып, күн-түн дебей улап, эртең түшкө чейин манас жаңырат. Кыргыздын улуттук дөөлөтү болгон Манас эпосун даңазалоо үчүн Талас жергесине республикабыздын булуң-бурчунан манасчылар чогулган. Иш чара КТРКнын “Маданият.Тарых.Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатат.