Жаңылыктар
Равшанбек Сабиров «Ак-Жол-Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Равшанбек Сабиров «Ак-Жол-Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши менен таанышты

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол - Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68%га бүтүп калды. Вице-премьер-министр өткөрмө жайын реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин кадыр-баркы көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады. 

Вице-премьер-министр «Ак-Жол - Автожол» бекеттерин модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди. Белгилей кетүүчү жагдай, көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул «Ак-Жол - Автожолдон» жарандардын өтүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт. Өткөрмө жайын модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.