Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды.
Тийиштүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.