Жаңылыктар
БШК тапшырылган кол тамгалардын аныктыгын сегиз иш күнүндө текшерип чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
БШК тапшырылган кол тамгалардын аныктыгын сегиз иш күнүндө текшерип чыгат

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу анын аныктыгын сегиз иш күнүндө текшерип чыгат. 

Бул ишке Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жана сот-экспертиза чөйрөсүндөгү эксперттер тартылат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү толук аяктады. 

3-декабрда саат 23:59га карата президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин ичинен 21 кишинин кол тамгалары БШКга келип түштү. Мыйзам боюнча талапкер өздөрүн колдогон 30 миң кишинин колу коюлган барактарды тапшырууга тийиш. Кол тамгалар 60 миңден ашпашы керек.