Жаңылыктар
Милиция кайгуул кызматы мыйзамсыз курал алып жүргөн адамды кармады
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кайгуул кызматы мыйзамсыз курал алып жүргөн адамды кармады

Милиция кайгуул кызматы интернетте түз эфирде тапанчасын көрсөтүп, жаман сөздөрдү сүйлөгөн адамды кармады. Маалым болгондой 3-декабрда "Инстаграм" социалдык түйүнү аркылуу белгисиз жаран колуна курал кармап, түз эфирге чыгып, ыпылас сөздөрдү сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган. 

Маалымат жарыяланаары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 1995-жылы туулган жаран кармашып, аны Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. 

Тактоо учурунда жаран бул видеону 1-декабрда Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүндө түшүргөнү белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.