Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 440 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 440 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 440 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 109 адамдан, Ош шаарында - 17, Чүй облусунда - 162, Ош облусунда - 24, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 14, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 39, Баткен облусунда 25 кишиден табылды. Ошол эле учурда 524 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 10 медкызматкер айыгып чыкты. 

Пандемия башталгандан бери 3 миң 956 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 649 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 74 миң 373 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 66миң 113 киши айыгып чыкса, 1 миң 285 адам каза болду.