Жаңылыктар
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун айрым чакырымдарына кар көчкү түшүүcү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун айрым чакырымдарына кар көчкү түшүүcү күтүлөт

4-5-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 3-декабрь күнү №02-34/792-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.