Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан кыргыз тилин даңазалоо, насыйкаттоо максатында өткөрүлгөн видеосынак жыйынтыкталды.
Шартка ылайык мектеп окуучулары эне тилди сүйүү, аны жайылтуу тууралуу чакан тасма даярдап жөнөтүшкөн. Жиберилген тасмалардын арасынан мазмундуулары тандалып көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектерге ээ болду. Буга чейин ушундай эле сынак жогорку окуу жайларынын деңгээлинде өткөрүлгөн.