Жаңылыктар
Конституциялык реформа, Кыргызстандын башкаруу формасы жаштар форумунда талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформа, Кыргызстандын башкаруу формасы жаштар форумунда талкууланды

“Конституциялык реформа”, “Кыргызстан бүгүн жана эртең”- мына ушул багыттагы талкуулар “Таза Кыргызстан” жаштар форумунун өзөгүн түздү. 

Форум Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтүп, калаа тургундары менен катар, Аксуу, Жети-Өгүз жана Түп районунун активдүү жаштары, коомдук ишмерлер жана юрист-адвокаттар катышты. Жыйында Конституциялык реформанын негизги багыттары, Кыргызстандагы башкаруу формасы кызуу талкууну жаратты. Башкаруу жана аткаруу бийлигине жаш тажрыйбалуу адистерди дайындоо маселеси колдоо тапты.

Аны менен катар Жогорку Кеңешке шайлоо аралаш формада; бир манданттуу жана партиялык негизде өтүшү сунушташып, андагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамыры менен жок кылуу жана элдин кызыкчылыгын ойлогон депутаттар келсе деген сунуштар айтылды. Жыйындын соңунда бир нече пункттан турган резолюция кабыл алынды.