Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму мамлекеттик кадр кызматына келип жумуш издеген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн керектүү жабдыктарды тапшырды.
Бул угуусу начар жана көзү азиздер үчүн тестирлөө маалында зарыл болгон жабдуулар. Эми мамлекеттик кадр кызматына келип, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден жумуш издеген жарандар үчүн толук шарттар түзүлдү.
Буга чейин угуусу начар жарандар үчүн тесттен өтүү мүмкүн эмес болуп келген болсо, эми алар толук кандуу кызматкер катары арыз берип, сынактын баскычтарынан өтсө болот. Азыркы тапта өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмгектенет. Бирок алардын барында эле алар үчүн иштөө шарттары түзүлгөн эмес.