Нарын облусунун Нарын районунда 2020-жылдын 1-декабрынан тартып жаз мезгили келгенге чейин Нарын-Өрүк-Там унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жолду жабуунун максаты кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында Нарын РМАнын башчысы-акимдин 2020-жылдын 1-декабрындагы №217-б буйругунун негизинде аталган унаа жол унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылды.