Жаңылыктар
Ушул жылдын тогуз айында былтыркы жылга салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул жылдын тогуз айында былтыркы жылга салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү

Ушул жылдын тогуз айында 294 миң тонна эт өндүрүлгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Ал эми өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 290 миң тоннага чукул эт алынган. Ошондой эле сентябрь айында 41миң тоннадан ашуун эт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу миң тоннага көп. 

"Мал менен канаттуунун этин өндүрүүнүн 1,6 пайызга өсүшү малдын көбөйүшүнөн улам болду", — деп билдирет Статком.

Буга чейин Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Казакстанга мал экспорттоого тыюу салынгандыгына байланыштуу Кыргызстандагы малга Өзбекстан менен Тажикстанда суроо-талап бар экендигин билдирген.

Мындан тышкары, алып сатарлар кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишкен. Уй этинин килограммы 450 сомдон ашканы да белгилүү. Ошондон улам өкмөт Кыргызстандан мал экспорттоого убактылуу тыюу салган.