Кыш мезгилине даярдык көрүү иштери дагы деле үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Азыркы тапта Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун кампасында 300 миң тоннага чукул көмүр бар.
Көмүргө болгон жылдык керектөө 1 млн тоннадан ашык болсо, калганы атайын график менен кышы бою келип турмакчы. Борбордун кызматкерлеринин айтымында, жылуулук берүү агрегаттары, буу казандар штаттык тартипте иштеп жатат.