Жаңылыктар
Жакыр үй-бүлөлөргө жардам. Россия Кыргызстанга 8 миллион доллар бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жакыр үй-бүлөлөргө жардам. Россия Кыргызстанга 8 миллион доллар бөлдү

Россия жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Кыргызстанга 8 миллион доллар бөлдү. Анын эсебинен 9 миң тонна азык-түлүк алып келди. Эми мындай гуманитардык жардам жер-жерлерге жеткирилет.

Пандемия калктын аялуу катмарына олуттуу зыян алып келди. Мындай шартта өнөктөш өлкөлөр ар тараптан колдоо көрсөтүүдө. Жардам бергендин сап башында Россия турат. Бул ирет көлөмдүү азык-түлүк алып келинди.

Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасына ылайык Россия Кыргызстанга 8 миллион доллар бөлүп берди. Пайдалуу окутууга катышкан жарандар жардам алышат.

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардамдарды жеткирип жүргөн ири донорлордун бири.