Жаңылыктар
2021-жылга Республикалык бюджеттин долбоору сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
2021-жылга Республикалык бюджеттин долбоору сунушталды

2021-жылдын Республикалык бюджетинин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 162 миллиард 413 миллион сом болору пландалууда. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте бюджеттин долбоору менен тааныштырып жатып билдирди. 

Анын айтымында, бул сумма өлкөнүн ички дүң продукциясынын 25,6 пайызын түзөт. Ал эми 2020-жылдын бюджетине салыштырмалуу киреше бөлүгү 1 миллиард 297,2 миллион сомго төмөндөгөн. Ал эми чыгаша бөлүгүн финансылык активдерди кошпогондо 169 миллиард 452 миллион сом менен бекитүү сунушталууда. 

Муну менен бюджеттин тартыштыгы 7 миллиард 038,8 миллион сомду түзөт. Мындай дефицитти жабууга ички булактардан 3 миллиард 809,2 миллион сом, тышкы булактардан 6 миллиард 229,6 миллион сом каралган.