Өлкөдөгү кинотеатрлар менен фут-корттор 1-декабрдан баштап ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
"Кинотеатрлар менен фут-корттор 1-декабрдан тартып ачылат, кинотеатрларды 50 пайыз менен ачабыз. Мисалы 100 кишилик кинотеатр болсо аралыкты сактап, 50 киши отурат. Алдыда театрлар да ачылышы мүмкүн, тоскоолдуктар болбойт, алар боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Өкмөттүн бир токтому бизди кармап жатат, ошол токтом өзгөрүлөөрү менен 1-декабрга да жетпей ачылып калышы мүмкүн. Бишкек мэриясы бул маселелердин үстүнөн иштеп жатат",- деп билдирди Б.Түлөбаев.
Ал эми мектептер жана бала бакчалар онлайн режиминде иштейт. Тойкана менен ресторандар үчүн башка иштөө алгоритми бекитилген. Эске салсак, буга чейин кинотеатрлар менен фут-корттор 19-ноябрдан тартып иштейт деп айтылган, бирок учурга чейин ачыла элек.