Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан башка аймактарга каттоочу таксисттердин айдоочулары менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө атайын айдоочулардын соңку аялдамаларына барып, Ош базары, Ала-мүдүн базары, ошондой эле Чыгыш жана Батыш авто бекеттердеги Бишкек-Казарман, Бишкек-Токтогул, Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын, Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-көл жана Ош-Бишкек каттамдарына каттоочу таксилердин айдоочулары менен жеринен жолугуп, жалпы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, аларга жол бербөө, жол эрежелеринин талаптарын так аткаруу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.
Ошону менен бирге техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүү учурунда психологиялык жактан даяр жана туруктуу болуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбастан, жолдо жүрүүдө үргүлдөп, ныксырабастан, каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир сутка эс алып, эртеси күнү жолго чыгуу сунушталды. Жолдо жүрүү учурунда кыштын күнү аралыкты сактоо менен тилкеден-тилкеге өтүүдө, ылдамдыкты азайтуу керектигин эскертишти. Ошондой эле авто унаалардын техникалык абалын, мотор майларын, жарык берүүчү чырактардын оң абалда болуусун белгилеп, жайкы дөңгөлөктөр сөзсүз кышкы дөнгөлөктөр менен алмашуусун эскерттишти.
Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мындан арыда жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу үчүн, мындан арыда авто бекеттерде түшүндүрүү, үгүттөө жана текшерүү иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзөт.