Конституциялык кеңешменин токсонго жакын окумуштуулар, илимпоздор жана юристтерден турган мүчөлөрү азыркы тапта мамлекеттик башкаруунун формасы, андагы бийлик бутактарынын укуктары, милдеттери жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулап, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштоодо. Алар күн сайын секцияларга бөлүнүп иш алып барат. Дүйшөмбү бейшемби күндөрү пленардык жыйынга чогулат.