Жаңылыктар
Европа банкы кыргыз өкмөтү менен активдүү кызматташууга даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Европа банкы кыргыз өкмөтү менен активдүү кызматташууга даяр

Ишкерлерди колдоо үчүн эл аралык өнөктөштөр менен күч-аракетти чыңдоо маанилүү. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушууда билдирди. 

«Биз эки тараптуу кызматташтык орнотулган учурдан бери карай биргелешкен иш алып барууда оң тажрыйбага ээ болдук. Банктын учурдагы портфели көлөмдүү жана 330 млн АКШ долларын түзөт, мамлекеттик программалар боюнча гана 44 долбоор ишке ашырылууда. Бул дагы биздин кызматташтыгыбыз үчүн чек эмес. Биргелешкен аракеттерибиз аркылуу сиздердин мүмкүнчүлүктү жана экономикалык абалды турукташтырууга багытталган Өкмөттүн программаларын интеграциялай алабыз», - деди Артем Новиков. 

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, ЕРӨБ негизги басымды кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана каржылоого бурат. Бул милдеттер Өкмөттүн алдына коюлган милдеттер менен толугу менен дал келет. Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн билдиргендей, финансы институту мындан ары карай кыргыз өкмөтү менен активдүү кызматташуга даяр. 

«Келечекте Кыргыз Республикасында иштеп жаткан башка финансы институттары менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар», - деп белгиледи ал.