Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды чогултуп, талдоо иштери улантылууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда мындай милдеттин үстүнөн премьер-министрдин 2020-жылдын 6-ноябрдагы № 551-буйругу аркылуу түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы иштеп жатат.
Жумушчу комиссия башкаруунун оптималдуу түзүмүн жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өз ара тыгыз иштешин уюштуруу жана көйгөйлөрдү ар тараптуу карап чыгуу максатында - жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көз карандысыз эксперттерди өз сунуштарын өкмөттүн аппаратына жөнөтүүгө чакырат.