Түркиянын Стамбул шаарында Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Анда Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгрия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук жана маданий иш-чаралардын долбоору, жобосу талкууланды. Жыйында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев баяндама жасап, Кыргызстанда өткөрүлгөн I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этномаданий иш-чаралары кандай өткөндүгү тууралуу айтып берди.
Ал Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында ар бир мамлекетке өзүнүн маданиятын таанытууга кеңири мүмкүнчүлүк берип, маданий иш-чаралар үчүн кеңири аянтча түзүп берүүнү сунуштады. Жыйындын жүрүшүндө оюндарды өткөрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасы колдонулары, кыргыз тарап берген сунуштар эске алынары айтылды.
Белгилей кетсек, Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 2021-жылдын сентябрь айында өтөт.