Жаңылыктар
Апрель окуялары учурунда өрттөнгөн Башкы прокуратуранын имараты оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель окуялары учурунда өрттөнгөн Башкы прокуратуранын имараты оңдолот

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүнсүн деген буйрук чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

“Белгилей кетсек, аталган имарат мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында турат. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын арызы боюнча Архитектура мамлекеттик агенттигинен имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды. Буйруктун негизинде буйрутма берүүчү болуп мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталды. Эми ал техникалык тапшырманы иштеп чыгат”, - деп билдирет мэрия. 

Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат. 

Эскерте кетсек, 2010-жылы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын мурдагы имараты Бишкектин Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.