Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы №5-мектеп-лицейине кошумча имарат курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы №5-мектеп-лицейине кошумча имарат курулууда

Бишкек шаарындагы №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусунун жаңы имаратынын курулушу уланууда. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруу боюнча координациялык топтун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 375 окуучуга эсептелген билим берүү объектисинин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 50%га аткарылды.

Азыркы учурда подрядчы уюм тарабынан бетон плиталарынын түзүлүшү, биринчи кабаттын жабдуулары, имараттардын айланасында сырткы курулуш шаймандарын орнотуу жана блокторго сырткы шыбактын башталышы боюнча иштер аткарылган. Ошондой эле металл устундарды куроо жана шыбын металл балкасы менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгий кетсек, учурда окуу жүктөмдөрү көп болуп, окуучуларга орундар жетишпей жаткан жерлерде жаңы 27 мектептин жана кошумча корпустарды куруу боюнча системалык иштери улантылып жатат. Эске салсак, бул билим берүү объектилери Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен курулууда. Алардын курулушунун аяктоосу 2021-жылга пландаштырылган.