Бишкекте мыйзамсыз негизде 4,2 гектар жер жеке менчикке берилип кеткен. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2006-жылдын 29-июнунда шаардык мэриянын токтому менен жалпы аянты 4,2 гектар эки участок бириктирилип, мыйзамсыз курулуш компаниясына көп кабаттуу турак жай комплексин курууга берилген.
Бирок текшере келгенде аталган жер Советтер Союзу учурунда эле шаардык сейил бак үчүн бөлүнүп, бекитилгени аныкталды. Жердин баасы 271 миллион сом деп бааланууда. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынып, Октябрь райондук прокуратурасы жерди мамлекеттик менчикке кайтаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.