Жаңылыктар
Бишкектеги №12 мектеп-гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №12 мектеп-гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу аяктоодо

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги быйыл 100 объектинин курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аяктоону пландаган. Анын 53ү бүтүп, ишке берилсе, жылдын аягына чейин калган социалдык курулуштар толук бүткөрүлөт.

Бишкектеги №12 мектеп-гимназиянын 384 орундуу кошумча окуу корпусунун курулуш иштери өткөн жылдын октябрь айында башталган. Имарат окуу жылынын башталышына чейин пайдаланууга берилмек. Бирок пандемияга байланыштуу иш токтоп калган. Бүгүнкү күндө имараттын курулуш иштери, ички жасалгалоо жумуштары толук аяктап, сметалык наркы 71 млн сомду түздү.