Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 268 адамга ырайым берилди. Алар ооруга чалдыккан жана оор эмес кылмышы үчүн жазага тартылган жарандар. Учурда жазасын өтөп жаткан башка адамдардын да арыздары каралууда. Тиешелүү жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында кол койгон.
Атымды жазбай эле койгула деп суранган каарман жашоодон жаза тайып 3 жыл мурун кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси, тагыраагы уурулук менен абакка кесилген. 6 жарым жылга берилген жаза мөөнөтү аяктай электе эле, ырайым алуу өтүнүчү орундалып, эркиндике чыкты. Темир тор артындагы жашоо башка түшпөсүн деген каарман жашоону жаңы барактан баштоого белсенип турат.