Жаңылыктар
Тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп жарандардын демилгеси менен ачылган
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп жарандардын демилгеси менен ачылган

Тышкы карызды төлөө мөөнөтү жакындап жатат. Жаңырган жылдан баштап Кыргызстан мамлекеттик тышкы карызды төлөй башташы керек. Ал арада Каржы министрлиги атайын эсеп ачылганын жарыялады. Бул эсепке өлкөнүн тышкы карызын төлөө боюнча элден түшкөн каражат чогулат. Ошол эле учурда эсепке экономикалык мунапыстан өндүрүлгөн каражаттар да түшөрү айтылууда. Бул эсептерге көпчүлүк каражат которууга каршы. Ошол эле маалда акча которууну каалаган жарандарыбыз да жок эмес. 

Каржы министрлигинен билдиргендей эсепке түшкөн акчалар тышкы карызды жабууга гана жумшалат. Эсепке каалаган жаран көңүлүнөн чыгарган акчасын которсо болот. Жарандардын аты-жөнү сыр бойдон сакталат. Жылдап чогулган карызды төлөө боюнча эсепти ачуу жарандардын демилгеси менен ишке ашты.