Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бүгүн секцияларга бөлүнүп, үч топ мамлекеттик конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адам укуктары, эркиндиги жана милдеттерин аны менен бирге мамлекеттик бийликтин органдарын талкуулады. Анда элдик курултай институтун күчөтүү, өзүнө жоопкерчилик алган президенттин милдеттерин карап чыгуу сунуштары айтылды.
Өлкө эгемендик алгандан бери бир нече жолу алмашкан баш мыйзам бул жолу атайын кеңешменин талкуусуна коюлуп, бардык беренелер боюнча ийне-жибине чейин талкууланып, алымча кошумчалар тууралуу сунуштар айтылууда. Кеңешменин мүчөлөрү буга чейин президент, Жогорку кеңеш өкмөт ортосунда элге болгон жоопкерчилик начар болгондуктан улам бийлик алмашып, азыркыдай абалга кептелгенин айтат.