Жаңылыктар
Руслан Казакбаев кытай ишкерлери менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев кытай ишкерлери менен жолукту

Кыргызстандын аймагында кыргыз-кытай биргелешкен 170 ишканасы бар. Алардын өкүлдөрү менен бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жолукту. 

Ал өз сөзүндө эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин Кытай Эл Республикасы менен 1992-жылдан бери тыгыз уланып келе жаткан дипломатиялык жылуу мамиле, достук менен кызматташтык алака мындан дагы терендейт деген ишенимин билдирди. 

Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргызстанга келүү үчүн Кытайдын жарандары тарабынан 13 миң 940 виза алынса, 2019-жылы 19 миң 636, ал эми 2020-жылдын 10 айында 4 миң 847 виза алынган. Казакбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишкерлерге кайрылып, жумуш орундарын түзүп жатканы үчүн ыраазычылыгын айтты.