Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Жамааттык Коопсуздук боюнча келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты.
Анда ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук маселелери талкууланды. Мусаев согуш аракеттер токтобогон жана курч кризистик көрүнүштөр басаңдабаган аймактарда терроризм жана радикализм көйгөйлөрү коопсуздук үчүн олуттуу маселе экендигин белгиледи. Комитет ошондой эле ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкка, ошондой эле ЖККУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнө байланыштуу бир катар чечимдеринин долбоорлорун карап чыгып, жактырды.