Жаңылыктар
Премьер-министр Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат.

Иш сапардын алкагында Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан эл менен жолугушат.